Орусиянын президенти В. Путин Казакстанда

Назарбаев менен Путин бүгүн 15 -  Казакстан жана Орусия аймактар аралык кызматташуу форумуна катышат.

1084933
Орусиянын президенти В. Путин Казакстанда

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 15 -  Казакстан жана Орусия аймактар аралык кызматташуу форумуна катышуу үчүн өлкөсүнүн Петропавловский шаарына барган Орусиянын президенти В. Путин менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар  туризм тармагында карым  - катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшү жана кызматташтык темаларын карап чыкты.

Казакстан жана Орусия аймактар аралык кызматташуу форумунун маанисин баса белгилеген Назарбаев маданий жана экономикалык таасирдешүүнүн негизинде эки өлкөнүн ортосундагы туризм тармагында кызматташуунун керектүүлүгүнө токтолду.

Орусиянын президенти В. Путин Казакстандын негизги соода жана экономикалык өнөктөштөрүнөн экендигин, эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын жогорку ылдамдык менен алдыга жылгандыгын айтып, туризм тармагындагы кызматташуунун дагы да тереңдетилиши үчүн  чоң потенциалдын бар экендигине көңүлдөрдү бурду.

Жолугушуудан кийин Байконур космостук базасын өнүктүрүү долбоору таанытылды жана Байконур шаарында курулган социалдык комплекстер, базистик желелердеги оңдоо жана жаратылыш газ өткөрүү иштеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Назарбаев менен Путин бүгүн 15 -  Казакстан жана Орусия аймактар аралык кызматташуу форумуна катышат.



Тектеш кабарлар