Түндүк Корея АКШ менен өткөрүлө турган жолугушууну жойду

Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Канг Кюнг  - ву Түндүк Кореянын Нью – Йоркто өткөрүлүшү пландалган жолугушууну жоюу себебине байланыштуу маалымат берген жок.

1084048
Түндүк Корея АКШ менен өткөрүлө турган жолугушууну жойду

Түндүк Корея АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жогорку мартабалуу бир түндүк кореялык жетекчинин ортосунда бул жумада өткөрүлүшү пландалган жолугушууну жойду.

Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Канг Кюнг  - ву Пхеньян башкаруусунун Вашингтонго АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын арасында экинчи саммиттин өткөрүлүшү жана Түндүк Кореянын атомдук куралдардан тазаланышы карала турган жолугушууну жоюга байланыштуу маалымат бергендигин билдирди. Канг Түндүк Кореянын Нью – Йоркто өткөрүлүшү пландалган жолугушууну жоюу себебине байланыштуу маалымат берген жок.

АКШнын президенти Дональд Трамп да Ак үйдө журналисттерге берген маалыматында Помпео жана Түндүк Корея Борбордук Комитетинин төрага орун басары Ким Йонг Чолдун арасында өткөрүлүшү пландалган жолугушуунун кайрадан  өткөрүлө аларын жана АКШнын шашылбай тургандыгын айтты.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Роберт Палладино жолугушууну жоюнун убакыт менен байланыштуу маселеден чыккандыгы билдирилди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Түндүк Корея Борбордук Комитетинин төрага орун басары Ким Йонг Чолдун бүгүн Нью  - Йоркто жолугушуусу пландалып жаткан.

Трамп менен Ким 12 -  июнда Сингапурда жолугушуп, саммиттен кийин эки лидер Түндүк Кореянын атомдук куралдардан тазаланышы тууралуу келишим түзгөн.



Тектеш кабарлар