БУУ, Сауд Арабияга Кашыкчы маселеси боюнча чакырык салды

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет тарабынан жасалган билдирүүдө, саудиялык тийиштүү кызматкердин Кашыкчынын сөөгүнүн кайда экенин айтуусу талап кылынды.

1078606
БУУ, Сауд Арабияга Кашыкчы маселеси боюнча чакырык салды

БУУ, Сауд Арабияга журналист Жемал Кашыкчынын (Хашогги) өлтүрүлгөнү боюнча териштирүүгө эл аралык көз карандысыз адистердин да кошулуусу чакырыгын салды.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет тарабынан жасалган билдирүүдө айрыкча, саудиялык тийиштүү кызматкердин Кашыкчынын сөөгүнүн кайда экенин айтуусу талап кылынды.

Мишель Бачелет, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө саудиялык журналист Кашыкчы кылмышы үчүн «үрөйдү учурган уятсыз кылмыш» деген мүнөздөмө берди.

Кашыкчынын өлтүрүлүшүнүн көз карандысыз жана тарапсыз түрдө териштирилиши керектигине басым жасаган Бачелет, кылмышкерлердин жооп бериши керектигин айтты.

Бачелет, териштирүүнүн «саясий санааркоолордон тазаланышы үчүн» эл аралык адистердин дагы далилдерге жана күбөлөргө толук жетүүсү камсыздалгыдай түрдө процесске кошулушу керектигин белгилеп, «Түрк жана саудиялык органдардан Кашыкчы кылмышында аты аталган кылмышкерлердин териштирилиши жана суракка алынышы боюнча кадамдарын ыраазы болуп кабыл аламын»,-деп айтты.

Юстициялык медицина жана өлүктү союунун кылмыштын ачыкка чыгарылышы жагынан «абдан маанилүү элементтер» экенине көңүл бурган Бачелет: «Саудиялык жооптуу кызматкерлерди дагы көпкө кечигүү болбостон жана бүдөмүк жооп бербестен (Кашыкчынын) сөөгүнүн кайда экенинин жарыкка чыгарууга чакырамын»,деген серебин салды.

Жемал Кашыкчынын 2-октябрда расмий катталууларын жасатыш үчүн кирген Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугунда Сауд Арабиядан атайын келген жан алгычтар тобу тарабынан өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.



Тектеш кабарлар