Афганстанда 17 жаран жаңылыштык менен өлтүрүлдү

Афганстандын чыгышындагы Нангархар аймагында афган коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн операцияда 17 жарандын каза болгондугу билдирилди.

1075406
Афганстанда 17 жаран жаңылыштык менен өлтүрүлдү

Афганстандын чыгышындагы Нангархар аймагында афган коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн операцияда 17 жарандын каза болгондугу билдирилди.

Нангархар губернаторунун катчысы Атауллах Хогйани коопсуздук күчтөрүнүн Нангархардын Родат районунда террордук уюмдарга карата операция жүргүзгөндүгүн айтты.

Операцияда жарандарга жаңылыштык менен ок атылгандыгын айткан Хогйани  каза болгондордун саны тууралуу азырынча так маалыматка ээ эмес экендерин белгиледи.

Аймактын тургундарынан Ата Хан Шинвари болсо журналисттерге берген маалыматында коопсуздук күчтөрүнүн жарандарды бутага алгандыгын жана кол салууда 17 жарандын каза болгондугун ортого салды.

Шинвари каза болгондордун арасында аялдар менен балдардын да бар экендигин айтты.



Тектеш кабарлар