Трамптын Кашыкчы тууралуу жообу

АКШнын Невада штатына барган Трамп, журналисттердин Кашыкчынын өлтүрүлүшү тууралуу суроолоруна жооп берди.

1072748
Трамптын Кашыкчы тууралуу жообу

АКШнын президенти Дональд Трамп, саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын өлтүрүлүшү тууралуу «Жоопторду алганга дейре канагаттанбаймын»,-деди.

АКШнын Невада штатына барган Трамп, журналисттердин Кашыкчынын өлтүрүлүшү тууралуу суроолоруна жооп берди.

Трамп: «Кашыкчы туурасында мураскор канзаада Бин Салмандын мурдатан кабары болбошу мүмкүнбү?-деген суроого, «Бул мүмкүн»,-деп жооп берди.

«Жоопторду алганга дейре канагаттанбаймын»,-деп айткан Трамп, Сауд Арабиянын териштирүүсүн «чоң кадам» деп бее берди жана териштирүүгө абдан көп киши кошулганын айтты.

Трамп: «Сауд Арабия абдан жакшы шериктеш, бирок кылгандары кабыл алынгыс»,-деп айтты.

Айрыкча Трамп: «Саудиянын териштирүүсүнө ишенесизби?» деген суроого, «Ооба, ишенем»,-деп жооп берди.


Этикеткалар: #Трамп , #журналист

Тектеш кабарлар