БУУда Палестина тууралуу чечим кабыл алынды

БУУнун Башкы ассамблесы Палестинанын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Г77+ Кытай тобуна келээрки жылы жетекчилик кылуусун колдогон чечимин бекитти.

1070758
БУУда Палестина тууралуу чечим кабыл алынды

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблесы Палестинанын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Г77+ Кытай тобуна келээрки жылы жетекчилик кылуусун колдогон чечимин бекитти.

Палестинанын мамлекет башчысы тууралуу чыгарыла турган чечимге, Бириккен Улуттар Уюмунда 146 мүчө "макул" добушун берди. Чечимге Америка, Израиль жана Австралия каршы чыкты.

Чечимдин натыйжасында, Палестина Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болбосо да Г77+Кытай тобунун атынан билдирүү жасоо жана сунуш киргизүү учурунда мүчө өлкө катары катыша алат, жооп берүү акысын да колдоно алат.

Бириккен Улуттар Уюмунда Палестинанын статусу " көзөмөлдөөчү түзүлүш" болсо 2012 жылы "мүчө эмес көзөмөлдөөчү мамлекет" статусуна ээ болуу мүмкүнчүлүгүн колго алган.



Тектеш кабарлар