Түркия дүйнөнүн эң көп качкын алган өлкөсү
качкындардын көпчүлүгү Сириядан Түркияга келүүдө.
![Түркия дүйнөнүн эң көп качкын алган өлкөсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b902/956a/b193/594f5a2997396.jpg?time=1718805939)
![mülteciler.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4f41/1569/6a3a/595ba315d59b6.jpg?time=1718805939)
Atlantic Council тарабынан Лимак холдингдин жардамы менен даярдалган жана сириялык качкындардын Түркиядагы жашоосун иликтеген кенен масштабдуу отчет Стамбулда таанытылды.
Ушул күнгө чейин сириялык качкындар тууралуу даярдалган кенен машстабдуу жана чечүүчү жолдорду камтыган отчет Европа Парламентинин Түркия форумунун башкы катчысы Лаура Баталла менен Penn State Harrisburg университетинин коомдук башкаруу бөлүмүнүн саясат мугалими Жульетта Толай тарабынан даярдалды.
Отчет Түркиянын башка өлкөлөргө караганда сириялык качкындарга дагы көп оптимисттик көрсөтүү менен каалгаларын ачкандыгын белгиледи. Отчеттогу кээ бир маалыматтарга караганда Түркия 2011 - жылдан бери 7 жылдык убакытта сириялык качкындарды багууда.
2014 - жылдан бери дүйнөнүн эң көп качкын саны Түркияда. Бул качкындардын көпчүлүгү Сириядан Түркияга келүүдө.
Түркияда катталган жалпы 3,5 миллион сириялык качкын бар жана чыныгы сандын мындан да көп экендиги болжолдолууда. 18 жаштан кичүү сириялык качкын саны 1 миллион 660 миң киши.
Бул процессте 350 миңге жакын сириялык бала Түркияда туулуп, 5 – 18 жаштарында билим алуу чагындагы 1 миллионго жакын сириялык бала Түркияда. Булардан 600 миңи билим алууда. 20 миң сириялык да Түркиядагы университеттерде билим алып жатат.
Тектеш кабарлар
![Чадда чоң жарылуу болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/adb7/88ea/456a/66727c7dbb986.jpg?time=1718805940)
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.