Индияда болгон борошодо 24 киши каза тапты

Борошодон эң көп Гаджапати, Найгарх, Кандамал, Каттак, Кёнгар жана Ангул аймактарынын таасирленгендиги белгиленди.

1068863
Индияда болгон борошодо 24 киши каза тапты

Индиянын чыгышында эки күн мурда болгон борошодо каза болгондордун саны 24кө жетти.

"Press Trust of India" агенттигинин кабарына караганда Одиша аймагында болгон «Титли» борошосунан кийин дагы 3 кишинин сөөгү табылышы менен каза болгондордун саны 24кө жетти.

Борошодон эң көп Гаджапати, Найгарх, Кандамал, Каттак, Кёнгар жана Ангул аймактарынын таасирленгендиги белгиленди.

Борошодо энергетика базиси зыян тарткан Шрикакуламда көп сандаган поселок менен айылга электр бериле албай жатат.

Жетекчилер борошодо 800дөн ашуун баш калкалоочу жердин курулгандыгын жана 300 миңге жакын кишинин коопсуз аймактарга эвакуациялангандыгын билдиришкен.

Электр жана телефон үзгүлтүгү болгон көп сандаган шаарда мектептердеги билим берүү убактылуу токтотулган.



Тектеш кабарлар