Дональд Трамп мамлекеттик катчыны Сауд Аравияга жиберет
Трамп АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеону Король Селман менен жолугушуу үчүн тез арада бул өлкөгө жиберерин белгиледи.
АКШнын президенти Дональд Трамп жоголгон журналист Жемал Кашыкчы окуясы үчүн мамлекеттик катчы Майк Помпеону Сауд Аравияга жиберерин жарыялады.
Дональд Трамп твиттерден берген маалыматында 2 - октябрда Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна киргенден кийин кабар алына албаган саудиялык журналист Жемал Кашыкчы окуясына байланыштуу маалымат берди.
Сауд Аравиянын королу Селман Бин Абдулазиз менен Кашыкчы тууралуу телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгилеген Трамп : «Сауд Аравия жаранына эмне болгондугу тууралуу бир маалыматынын болбогондугун айткан Сауд Аравиянын королу менен сүйлөштүм. Король мага болгондордун жообун табуу үчүн Түркия менен жакындан иштешкендерин айтты»,- деди.
Трамп АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеону Король Селман менен жолугушуу үчүн тез арада бул өлкөгө жиберерин да белгиледи.
Тектеш кабарлар
АКШда өрт жана өзгөчө кырдаал
Руидосо шаарына жакын жерде чыккан эки өрттөн улам аймактагы 7800 киши үйлөрүн таштап кетти.