Афганстандагы кол салуу

Кол салууда каза болгондордун саны 68ге жетип, 168 киши жараланды.

1048231
Афганстандагы кол салуу

Афганстандын чыгышындагы Нангархар аймагында кечээ түшкү сааттарда болгон жан кечтилик кол салууда каза болгондордун саны 68ге жетип, 168 киши да жараланды.

Нангархар облустук саламаттык сактоо директорлугунун катчысы Емануллах Мийахил Дехкаи аймагында өкмөткө каршы митингге чыккандардын арасына аралашкан жан кечтилик кол салуучунун денесиндеги бомбаны жардырып, жардырууда  жаралангандардын кээ бирлеринин абалынын оор экендигин, каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулардын болуп жаткандыгын белгиледи.

Кол салууну азырынча моюнга алган болгон жок.



Тектеш кабарлар