Трамп Аргентинага жардам берүүнү улантат

АКШнын президенти Доналд Трамп өлкөсүнүн экономикалык кризистеги Аргентинага жардамын улантарын белгиледи.

1043660
Трамп Аргентинага жардам берүүнү улантат

АКШнын президенти Доналд Трамп өлкөсүнүн экономикалык кризистеги Аргентинага жардамын улантарын белгиледи.

Трамп Ак үйдүн интернет сайтынан берген жазуу түрүндөгү маалыматында Аргентинанын президенти Маурисио Макри менен телефондо сүйлөшкөндүгүн билдирди.

Өлкөсү кыйын күндөрдөн өткөн Аргентинага күчтүү колдоосунун улантыларын белгилеген Трамп буларды айтты : «Аргентина АКШнын узун убакыттан бери стратегиялык өнөктөшү жана НАТО тышындагы маанилүү союздашы. Президенти Макри экономикалык жана финансылык жактан кыйын болгон бул абалда мыкты иш аткарып жатат. Президенти Макринин лидерлигине ишенем жана Аргентинанын акчалай жана финансылык саясаттарын азыркы экономикалык сыноолорду чечүү үчүн Эл аралык Акча Фонду ИМФ менен иштешин күчтүү түрдө колдоймун».

Бразилия жана  Мексикадан кийин Латын Американын эң чоң үчүнчү экономикасына ээ болгон Аргентина песонун жылдын башынан бери баа жоготуусу менен тереңдеген экономикалык кризистен улам май айында ИМФнин каалгасын кагууга мажбур болду.

ИМФ Аргентинанын талабы боюнча өлкөгө 50 миллиард доллар карыз беришин күткөн 3 жылдык stand-by келишимин  июнь айында бекиткен.

ИМФнин ушул күнгө чейин эң жогорку карыз көлөмүн камтыган бул stand-by келишими Аргентинанын курулуш менен 1956 -  жылдан бери түзгөн 39 келишимдин акыркысы катары тарыхка өттү.

ИМФге эң көп кайрылган өлкөлөрдүн бирөөсү болгон Аргентина курулуштан акыркы жолу 2000 – жылы 40 миллиард доллар карыз алган.

 



Тектеш кабарлар