Кытай Афганстанда лагерь курду деген ойлорду төгүнгө чыгарды

"South China Morning Post” гезити Пекиндин Афганстанда аскердик лагерь кургандыгын белгилеген.

1040461
Кытай Афганстанда лагерь курду деген ойлорду төгүнгө чыгарды

Кытайдын тышкы иштер министрлиги Афганстанда аскердик лагерь кура баштады деген кабаларды төгүнгө чыгарды.

Министрликтин катчысы Хуа Чунйинг борбор шаар Пекинде өткөргөн пресс  - жыйында лагерь куруу тууралуу кабарларга кыскача жооп берип : «Бул  кабарлар туура эмес»,- деди.

Борбору Гонконг болгон "South China Morning Post” гезити мурунку күнү Кытай армиясына жакын булактарга таяндыргандыгын ортого салган кабарында Пекиндин Афганстанда аскердик лагерь кургандыгын белгилеп, Кытай Эл Боштондук армиясынын лагерге эң аз бир батальон аскер жиберерин жазган.

 



Тектеш кабарлар