Орусиянын АКШга санкция боюнча каршылык көрсөтүүсү

АКШнын Казына департаменти бүгүн, Түндүк Кореяга карай санкцияларга байланыштуу түрдө Орусиянын 2 атуулун, 3 фирмасын жана 6 Орусия желеги илинген кемени санкция тизмесине кошкон болчу.

1036317
Орусиянын АКШга санкция боюнча каршылык көрсөтүүсү

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков, АКШнын жаңы санкциялары үчүн эч бир себеп таба албаганын белилеп өттү.

АКШнын Казына департаменти бүгүн, Түндүк Кореяга карай санкцияларга байланыштуу түрдө Орусиянын 2 атуулун, 3 фирмасын жана 6 Орусия желеги илинген кемени санкция тизмесине кошкон болчу.

«Вашингтондун тынымсыз жаңылыш шылтоолор менен Орусияга каршы санкция киргизүү темасына кайрылуусу жаман салтка айланды»,-деп айткан Рябков: «Бүгүн америкалыктар шылтоо катары биздин Түндүк Кореяга мунай зат продукцияларын өткөрүүгө киргизилген санкцияны бузганыбызды жана кибердик бузууларды тандады. Ар дайым болгону сыяктуу далил жана себеп жок, болгону айрым жек көрүүчү жалаа жабуулар бар»,-деп кошумчалады.

Америкалыктардын «канчалык жаман болсо, ошончолук жакшы» принциби менен иш-аракет кылганын айткан Рябков, Орусиянын кызыкчылыктарына зыян тийбеши үчүн АКШнын санкцияларына жооп бергенин жана берүүсүн да уланта турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар