Ооганстандагы аскердик лагерге Талибан террористтери кол салды

Ооганстандын түндүгүндөгү Фаряб облусунун Гормач районундагы аскердик лагерге террористтер кол салды.

1031845
Ооганстандагы аскердик лагерге Талибан террористтери кол салды

Талибан террористтери Ооганстандын түндүгүндөгү Фаряб облусунун Гормач районундагы аскердик лагерге кол салды.

Өлкөнүн түндүгүндөгү 209-Шахин корпусунун командирлигинин басма сөз катчысы Ханиф Резаи, террористтер аскердик лагерге оор куралдар менен кол салып, лагердин көзөмөлүн колго алгандарын айтты.

Лагерде 70 аскер болгонун айткан Резаи, кол салуудан 20дан ашуун каза тапкан жана жаракат алган болгонун, калган аскерлердин туткунга алынганын маалымдады.

Талибандын жарыясына караганда лагерде дагы көп аскер болгон.  Ал кол салууда 43 аскер каза тапканы, 17си жаракат алганы жана 57синин да туткунга түшкөнү маалымдалды.

Талибан уюмунун кечээ өлкөнүн түндүк-чыгышында орун алган Тахар облусунун Тажикстан чек арасындагы Ай Ханым бажы чек ара капкасына куралдуу кол салуусу болуп, 12 чек ара полициясы каза тапкан.



Тектеш кабарлар