Жаңы Зеландияда желим баштыктарга тыюу салынат

Дүйнөнүн жалпысында жыл сайын орто эсеп менен 1 триллион желим баштык колдонулууда.

1029821
Жаңы Зеландияда желим баштыктарга тыюу салынат

Жаңы Зеландияда келээрки жылдан тарта желим баштыктардын колдонулушуна тыюу салына турганы билдирди.

Премьер-министр Хабинда Ардерн өлкөдө жыл сайын жүз миңдеген желим баштыктын колдонулгандыгын белгилеп, июль айынан тарта желим баштыктарга тыюу салына турганын айтты.

Эки ири супермаркет чынжыры болсо, желим баштыктардын колдонулушунун баскыч түрүндө азайтылып жылдын аягында толугу менен токтотулушун пландагандарын билдирди.

Франция, Бельгия, Кытай, Гавайи, Кения жана АКШнын Калифорния штаты буга чейин желим баштыктарды колдонууга тыюу салган же чектөө коюшкан.

Дүйнөнүн жалпысында жыл сайын орто эсеп менен 1 триллион желим баштык колдонулууда жана булардын 10 пайызынан азы кайра иштетилет.



Тектеш кабарлар