Орусия нефть өндүрүүнү дагы да арттырышы мүмкүн

Орусия энергетика министри Александр Новак 10 -  BRICS саммитинин негизинде маалыматтарды берди.

1021104
Орусия нефть өндүрүүнү дагы да арттырышы мүмкүн

Орусия энергетика министри Александр Новак нефть базарларында болуп жаткан абалдардын негизинде Нефть экспорттогон өлкөлөр уюму OPECтин өндүрүш кыйынчылыгы келишиминде квоталардын кайрадан жогорулатылышынын каралып чыгыларын айтты.

Новак Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында өткөрүлгөн 10 -  BRICS саммитинин негизинде маалыматтарды берди.

OPEC менен түзүлгөн акыркы келишимдин негизинде нефть өткөрүүнүн жылдын акырына чейин күнүмдүк 1 миллион баррелге арттырыларын эске салган Новак : «Азырынча бул чечимди ишке ашырып жатабыз. Бирок нефть базарларында болуп жаткан абалдардын негизинде өндүрүштүн дагы да арттырылышы  каралып чыгылышы мүмкүн. Ливия жана башка өлкөлөрдөгү абалдарды иликтеп жатабыз»,- деди.

АКШнын Иранга карата ишке ашырылышы пландалган санкциялар тууралуу да баа берген Новак : «Менин оюмча нефть базарлары бул ыктымалга баа беришкен. Нефть  бааларына таасирин тийгизерин ойлобоймун»,- деди.



Тектеш кабарлар