Путин Трампты Москвага чакырды

Орусиянын президенти Владимир Путин, БРИКС саммити үчүн барган Түштүк Африкада маалымат жыйын өткөрдү.

1021097
Путин Трампты Москвага чакырды

Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын президенти Дональд Трампты Москвага чакырганын айтты.

БРИКС саммити үчүн барган Түштүк Африкада маалымат жыйын өткөргөн Орусиянын президенти Путин, Трамп менен 16-июлда Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде жолуккан саммит тууралуу, «Трамп менен жолугушуубуз ийгиликтүү болгонуна ишенмин»,-деп айтты.

Путин, Хельсинкидеги саммиттен кийин Трамптын өзүн чакырганы суралганда Вашингтонго барууга даяр болгонун айткан.

Путин айрыкча өзүнүн дагы Трампты Москвага чакырганын жарыялады.

Орус лидер, «Трамп менен келечектеги жолугушууларга даярмын. Бул үчүн шарттар түзүлүшү керек. АКШнын ичинде саясий маселер бар. Бирок жашоо уланууда»,-деди.

Путин,  жылдын акырында Аргентинада өтө турган Чоң жыйырмалык (G-20) саммитинде АКШнын лидери менен кайра жолугушуусунун да мүмкүн экенин белгилеп кетти.


Этикеткалар: #Путин , #БРИКС , #Трамп

Тектеш кабарлар