Фуэго жанар тоосундагы жарылуулар

Жанар тоодогу жарылуулардан жалпы 1, 4 миллион кишинин таасирленгендиги белгиленүүдө.

1014980
Фуэго жанар тоосундагы жарылуулар

Гватемаладагы Фуэго жанар тоосунда өткөн жумада болгон жарылууларда 121 киши каза болду.

Улуттук апаат агенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жарылууларда өткөн айдын ортолорунда 114 деп жарыяланган өлүү санынын жаңы отчетторго караганда 121 экендиги белгиленди.

Аймакта эң аз 300 кишинин азыр да жок экендиги белгиленди.

Борбор шаар Гватемала ситинин 40 километр түштүк  - батышындагы Фуэго жанар тоосунда өткөн айда болгон жарылуулар  жана тоодон атырылган лавалар Ел Родео айылындагы үйлөрдү жок кылган.

Жарылууларда жараланган көп сандаган киши дарыланып, 3 миң 200дөн ашуун киши коопсуз аймактарга эвакуацияланган.

Жанар тоодогу жарылуулардан жалпы 1, 4 миллион кишинин таасирленгендиги белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар