АКШнын президенти Дональд Трамп Кимден келген кат тууралуу маалымат берди
АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өзүнө жиберген катты жарыялады.
![АКШнын президенти Дональд Трамп Кимден келген кат тууралуу маалымат берди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d960/d54d/cfd0/5b29f4139d7e5.jpg?time=1718584845)
АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өзүнө жиберген катты жарыялады.
Дональд Трамп өткөн айда Сингапурда өткөргөн жолугушуудан кийин жиберилген кат үчүн : «Түндүк Кореянын мамлекет башчысынан абдан жакшы кат алдым. Мыкты өнүгүү болду»,- деди.
Трамптын тивттердеги эсебинен берилген маалыматта бул сөздөр орун алды : «Урматтуу мамлекет башчы сиз менен 24 күн мурда Сингапурда өткөргөн абдан маанилүү жыйын жана биргеликте кол койгон билдирүү чындыгында да маанилүү жолдун башталгычы. Сиздин эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын дагы жакшы жерге келиши жана билдирүүнүн ишке ашышы үчүн көрсөткөн аракетиңизге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Урматтуу мамлекет башчы сиздин жана менин көрсөткөн аракетибиз Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы карым - катнаштарда түшүмүн берерине ишенем».