АКШ кабинетинде дагы бирөө арызын берди

АКШнын президенти Дональд Трамп Экологияны коргоо агенттигинин төрагасы  Скотт Прюиттин арызын кабыл алды.

1006802
АКШ кабинетинде дагы бирөө арызын берди

АКШнын президенти Дональд Трамп акыркы күндөрдө аты коррупцияга аралашкан Экологияны коргоо агенттигинин төрагасы  Скотт Прюиттин арызын кабыл алды.

Дональд Трамп Прюиттин арызын кабыл алгандыгын твиттер аркылуу билдирди.

Прюиттин кызматында ийгилик көрсөткөндүгүн белгилеген Трамп : «Экологияны коргоо агенттигинин төрагасы Скотт Прюиттин арызын кабыл алдым»,- деди.

Трамп Прюиттин ордуна Экологияны коргоо агенттигинин төрагасынын орун басары Эндрю Уилерди убактылуу милдеттендиргендигин билдирди.

АКШ басма сөзү 3 айдын ичинде Экологияны коргоо агенттигинде коррупциянын болгондугу тууралуу кабарларды билдирген жана Трампка жакындыгы менен билинген FOX TV Прюиттин кызматынан алынышы керектигин жактаган.

 



Тектеш кабарлар