Мерапи жанар тоосунда жарылуу

Мерапи жанар тоосунан атырылган күл жана тумандын 6 километр бийиктикке чейин чыккандыгы белгиленди.

984026
Мерапи жанар тоосунда жарылуу

Индонезиянын Жава аралындагы Мерапи жанар тоосунда жарылуу болду.

Вулканология жана геологиялык апаатты азайтуу борборунан берилген маалыматта Йогякарта шаарындагы Мерапи жанар тоосунан атырылган күл жана тумандын 6 километр бийиктикке чейин чыккандыгы белгиленди.

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо жанар тоодон атырылган күл жана тумандын  азырынча Адисутжипто аэропотундагы каттмадарда кандайдыр бир аксоого себеп болбогондугун айтты.



Тектеш кабарлар