Беньямин Нетаньяху 2011 - жылы Иранга согуш ачууну каалаган
Моссаддын мурунку төрагасы Тамир Пардо Беньямин Нетаньяхунун 2011 - жылы «Иранга 15 күндүн ичинде согуш ачуу» үчүн Израиль армиясына буйрук бергендигин айтты.
Израиль чалгындоосу Моссаддын мурунку төрагасы Тамир Пардо Беньямин Нетаньяхунун 2011 - жылы «Иранга 15 күндүн ичинде согуш ачуу» үчүн Израиль армиясына буйрук бергендигин айтты.
Жергиликтүү телекөрсөтүү каналына маалымат берген Пардо Нетаньяхунун согуш буйругунун машыгуу максатында эмес экендигин белгиледи.
Пардо бул чечимди Иранга согуш ачуу үчүн же АКШга Иран тууралуу кысым кылуу үчүн чыгарылгандыгына ишенгендигин айтты.
Согуш буйругун алгандан кийин жумуштан кетүү үчүн арыз берүүнү ойлогондугун белгилеген Пардо буйруктун эмнеден ишке ашпагандыгы тууралуу маалымат берген жок.
Мурунку премьер - министр жана 2011 - жылдагы Нетаньяху өкмөтүндө коргоо министри болгон Эхуд Барак Беньямин Нетаньяхунун 2010 – 2011 - жылы Иранды бомбалоону каалагандыгын бирок израилдик жогорку мартабалуу жетекчилердин бул планга каршы чыккандыгын билдирген.
Тектеш кабарлар
Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кыргындары 258 күндөн бери уланууда.