Муссон жамгырлары аракандыктарды кыйын абалга түртүүдө

Аракандык 7 мусулман муссон жамгырынан таасирленди.

977205
Муссон жамгырлары аракандыктарды кыйын абалга түртүүдө

Бангладешке баш калкалаган аракандык 7 миң мусулман муссон жамгырларынан жабыркады.

БУУнун башкы катчысы Стефан Дуяррик муссон жамгырларынын аракандык мусулмандар жашаган Кокс Базаарда 2 жарым метрге жакын суунун чогулушуна жана селге себеп болгондугуна көңүлдөрдү бурду.

Муссон жамгырларынын аракандык качкындар үчүн турмуштук коркунуч түзгөндүгү боюнча эскерткен Дуяррик : «Аракандык 7 миңден ашуун качкын муссон жамгырларына байланыштуу борошо жана жер көчкүдөн таасирленди. 25 миң качкын да олуттуу риск астында»,- деди.

БУУ Мьянма армия күчтөрү өлкөнүн түштүк батышындагы Аракан аймагында 700 миңден ашуун мусулмандын коңшу Бангладешке баш калкаоосуна жол ачкан операцияларын «этникалык тазалык» деп аныктап жатат.



Тектеш кабарлар