Марокконун королу Палестинага болгон колдоосун кайталады

6 -  Мухаммеддин Палестинанын президенти Махмуд Аббаска телефон чалып ден соолугу тууралуу маалымат алып жана шыпаа тилегендиги белгиленди.

977448
Марокконун королу Палестинага болгон колдоосун кайталады

Марокко королу  6 -  Мухаммед Палестина калкына берген убадасын кайталады.

Королдук кеңешинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 6 -  Мухаммеддин Палестинанын президенти Махмуд Аббаска телефон чалып ден соолугу тууралуу маалымат алып жана шыпаа тилегендиги белгиленди.

Сүйлөшүүдө өзгөчө Ислам Конференциясы Уюмунун Кудс комитетинин төрагасы болгон 6 -  Мухаммеддин Аббаска бир тууган Палестина калкынын негизги доосу жана мыйзамдуу укуктарына берген колдоосун кайталагандыгы белгиленди.

Палестинанын мамлекет башчысы Аббас акыркы бир жуманын ичинде үчүнчү жолу жогорку температура менен ооруканага жаткарылып, жүрөк боюнча кээ бир тесттерден өткөрүлгөн.

Оң жактагы өпкөнүн сезгенүүсү диагнозу коюлган Аббастын ден соолугунун жакшы экендиги жана дарылоого ылдам жооп бергендиги билдирилген.

 



Тектеш кабарлар