Индонезиянын Ортоңку Жава аймагындагы Мерапи жанар тоосу

Индонезиянын вулканологиялык жана геологиялык апаатты азайтуу борбору Мерапи жанар тоосу үчүн эң чоң 2 -даражадагы сигнал берилгендигин жарыялады.

976606
Индонезиянын Ортоңку Жава аймагындагы Мерапи жанар тоосу

Индонезиянын Ортоңку Жава аймагындагы Мерапи жанар тоосу үчүн 2 -даражада сигнал берилип, жакындарында жашагандар коопсуз аймактарга жиберилди.

Индонезиянын вулканологиялык жана геологиялык апаатты азайтуу борбору кечээтен бери болуп жаткан кичинекей масштабдагы жарылуулар боюнча Мерапи жанар тоосу үчүн эң чоң 2 -даражадагы сигнал берилгендигин жарыялады.

Индонезиянын вулканологиялык жана геологиялыкапаатты азайтуу борбору PVMBG тоонун чокусуна чыгуу жана чокунун 3 километрдик аянтында иш алып баруудан алыс туруу боюнча эскертти.

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо болсо жанар тоонун жакындарында коркунучтуу аймакта жашаган 660ка жакын кишинин коопсуз аймактарга көчүрүлгөндүгүн билдирди.

Ошол эле учурда Мерапи жанар тоосунда 11 -майда 5 миң 500 метр бийиктиккке чейин күл жана түтүн атырылгандыктан Адисутжипо аэропорту убактылуу каттамдарын токтотту.

Жава аралында орун алган 2 миң 968 метр бийиктиктеги Мерапи жанар тоосунун 2010 -жылы лава атырылып 347 киши каза болгон болчу.

Жер титирөө жана вулкандык муундагы Индонезияда 130 активдүү жанар тоо бар.



Тектеш кабарлар