Кубада кулап түшкөн учактын кара кутусу табылды

Гаванада жума күнү кечинде учкандан кийин көп өтпөй кулап түшкөн Боинг-737 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын кара кутуларынан бирөө табылды.

974864
Кубада кулап түшкөн учактын кара кутусу табылды

Кубанын борбор калаасы Гаванада жума күнү кечинде учкандан кийин көп өтпөй кулап түшкөн Боинг-737 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын кара кутуларынан бирөө табылды.

Кубанын онлайн берүү органы Кубадебаттын маалыматына караганда 104 жүргүнчү жана 9 экипажы менен Гаванадан Ольгин шаарына барыш үчүн Эл аралык «Хосе Мартин» аэропортунан учкандан көп өтпөй кулап түшкөн жүргүнчү учагынын кара кутуларынан бирөө табылганы билдирилди.

Кабарга караганда Кубанын транспорт министри Адель Искьердо кара кутунун зыянга учурабагандыгын белгилеп, экинчи кара кутуну да табууга аракет кылгандарын билдирди.

Кубанын расмий гезити Гранма, 113 киши орун алган кулаган учактан болгону 3 киши аман кутулганын жарыялаган болчу.

Кырсыктан оор жаракат алып кутулган 3 кишинин саламаттык абалдары оор бойдон турат жана дарылануулары улантылып жатканы билдирилди.

Учактын Cubana Airlines авиакомпаниясы тарабынан мексикалык бир фирмадан ижарага алынгандыгы белгиленди.

Окуя тууралуу териштирүү башталып, Кубада эки күндүк аза күтүү жарыяланды.

Кубанын Артемиса шаарында өткөн жылы болгон кырсыкта 8 киши каза болгон.

2010-жылы Сантьяго-Гавана каттамы үчүн учкан жүргүнчү учагынын кулап кетишинин себебинен 68 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар