Путин: «Согуштук кемелер Жер ортолук деңизде тынымсыз күзөттө турат»

Путин Сириядагы террордук коркунучтун уланганын билдирди.

972503
Путин: «Согуштук кемелер Жер ортолук деңизде тынымсыз күзөттө турат»

Орусиянын президенти Владимир Путин, Сириядагы террордук коркунучтун себебинен калибр ракеталары менен жабдылган орус согуштук кемелеринин Жер ортолук деңизде тынымсыз күзөттө тураарын айтты.

Сочиде аскердик өндүрүш иштери каралган жыйында сөз сүйлөгөн Путин: «Сириядагы эл аралык террористтердин кол салуу коркунучунун уланышынын себебинен калибр ракеталары менен жабдылган кемелерибиз, Жер ортолук деңизде тынымсыз кызмат кылат»,-деди.

Путин Жер ортолук деңиз, Түндүк Атлантика жана Азия-Тынч океан менен катар акыркы жылдарда орус флоту кызмат өтөгөн жерлердин көрүнүктүү түрдө кеңейгенине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар