Газада Лейла бөбөк да каза болгондордун арасында
Окуяларда жаралангандардын саны эки миң жети жүз жетимиштен ашты.
![Газада Лейла бөбөк да каза болгондордун арасында](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a096/6f01/6f01/5afbcf42ab402.jpg?time=1718562214)
АКШнын элчилигин Кудска көчүрүшүнө каршы чыгуу максатында жана Некбенин жетимиш жылдыгын эскерүү үчүн Газа чек арасында митингге чыккан палестиналыктарга ок аткан Израиль аскерлери алтымыш эки палестиналыкты шейит кылды.
Палестина саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израиль аскерлеринин кечээ элүү бир жаштагы Насыр Ахмед Гураб аттуу палестиналыкты да шейит кылгандыгы билдирилди.
Окуяларда жаралангандардын саны эки миң жети жүз жетимиштен ашты.
Маалыматта шейит болгондордон сегиз кишинин он сегизден кичүү экендиги белгиленип, жаралуулардан эки жүз жыйырма бешинин балдар жана сексен алтысынын аял экендиги билдирилди.
Кыргында сегиз айлык Лейла бөбөк да Израиль күчтөрү аткан көздөн жаш агызуучу бомбалардан таасирленип каза болгондордун арасында.
Лейланын энеси Мерйем ел Гандур кызынын ар дайым күлгөн бала болгондугун айтып, баласынын өлүмүнөн Израилдин жооптуу экендигин белгиледи.