Трамп Түндүк Кореяга ырахматын айтты

Трамптын социалдык медиа тармагы Твиттердеги бөлүшүүсү...

969826
Трамп Түндүк Кореяга ырахматын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугуудан мурда атомдук сыноо аянтын бошоткондугу үчүн Түндүк Кореяга ырахматын айтты.

Трамп социалдык медиа тармагы Твиттердеги бөлүшүүсүндө, «Түндүк Корея 12-июндагы Чоң саммит жолугушуусунан мурда бул айда атомдук сыноо аянтын бошото турганын жарыялады. Ырахмат айтамын, акылдуу кадам жана жөнөкөй бидирүү»,деген сөздөргө орун берди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул аптада Түндүк Кореянын борбор калаасы Пхеньянга сапар жасап, ал өлкөдө камакта турган 3 АКШ атуулунун эркин кое берилишин камсыздаган.

Помпео айрыкча Түндүк Корея башкаруучулугу менен Трамп менен Кимдин ортосундагы жолугушуунун 12-июнда Сингапурда болушуна чечим чыгарган.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин жарыясында 23-25-май күндөрүндө өлкөнүн түндүк-чыгышындагы атомдук сыноо аянтында тоннелдердин жардырыла турганын, көзөмөл жана изилдөө комплекстеринин бошотула турганын, сакчы бөлүктөрүнүн аймактан чыгарыла турганын билдирген.

Анда процессти байкоолору үчүн АКШ, Түштүк Корея, Орусия жана Англиядан журналисттер чакырылышы пландалганы белгиленген.

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин, 27-апрелдеги саммиттен кийин кол койгон Панмунджом декларациясы менен Корея жарым аралынынын ядролук куралдардан «толугу» менен тазалануусун жана учурдагы ок атышпоо абалын соңуна чыгарып Корея согушуна расмий түрдө чекит кое турган туруктуу тынчтык келишимине кол коюлушу темасында бирдей пикирде болгондорун жарыялаган.

Тарыхый чечим чыгарылган саммиттен кийин Түндүк Кореянын лидери Ким, Кытайга расмий сапар жасап Кытай мамлекетинин башчысы Си Цзиньпин менен жолуккан.



Тектеш кабарлар