Орусия АКШдагы шайлоолорго кийлигишти беле?

АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетинин демократ партиядан мүчөлөрү, 2016-жылдагы АКШнын президенттик шайлоолорунун алдында жана андан кийин Орусиянын бул өлкөнүн коомдук пикирине Фейсбук аркылуу кийлигишкени тууралуу айтымдар боюнча отчет жарыял

968679
Орусия АКШдагы шайлоолорго кийлигишти беле?

АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоолорунун алкагында глобалдык социалдык медиа тармагы Фейсбук аркылуу Орусия булактуу орто эсеп менен 3500 реклама берилди.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетинин демократ партиядан мүчөлөрү, 2016-жылдагы АКШнын президенттик шайлоолорунун алдында жана андан кийин Орусиянын бул өлкөнүн коомдук пикирине Фейсбук аркылуу кийлигишкени тууралуу айтымдар боюнча отчет жарыялады.

Отчетто, Орусияда орун алган Internet Research Agency (IRA) аттуу  фирманын фейсбук аркылуу жарыялаган 3519 даана рекламасы коомдук пикир менен бөлүшүлгөнү орун алды.

Internet Research Agency (IRA) фирмасынын Фейсбукта 470  барак түзгөнү белгиленген отчетто, бул барактар аркылуу 80 миң мазмун жаратылганы билдирилди.

Отчетто 3519 реклама 11,4 миллион 80 миң мазмунга да 126 миллион америкалык колдонуучу туш болгону маалыматына орун берилди.

Рекламалардын жана мазмундарынын АКШда саясий түрдө коомдук пикирде чоң көз караш айырмачылыгын жараткан жикчилдик, миграция, куралды көзөмөлдөө сыяктуу темаларга багытталганы көңүл бурду.

Отчетто көз караштарына орун берилген Өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетинин улук мүчөсү жана Калифорния штатынын Демократ партиясынын өкүлү Адам Шифф: «Орусиянын социалдык медиадагы акциясы АКШда бир канча бөлүүчү маселелер аркылуу араздашууларды күчөтүүгө аракет кылды. Орустар жасалма эсептерди жана барактарды жаратып саясатташтырылган мазмундар менен видеолорду жайды жана интернет платформасындагы сезимталдыктарды бузду»,-деп айтты.

Фейсбуктан кечээ берилген билдирүүдө болсо, фирманын аты аталган 3519 рекламаны АКШ Конгресси менен бөлүшкөнүн маалыматына орун берилди.

Жарыяда 2016-жылдагы шайлоолор убагында Фейсбуктун жалпысынан улут мамлекеттерден келген кибер коопсуздук кол салууларына көңүл бургандары белгиленип, рекламалар аркылуу коомдук пикирге таасир берүүгө аракет кылган операцияларды байкоодо фирманын чабалдык кылганы орун алды.

Айрыкча, Фейсбук аркылуу жаңылыш маалыматтарды жайып демократиялык процессти начарлатууга аракет кылган актерлорго бөгөт коюш үчүн фирманын маанилүү өзгөртүүлөрдү жасаганы кошумчаланды.



Тектеш кабарлар