Трамп Иранды коркутту
Трамп, кабинет жыйналышына кирип бара жатып Кеңири биргелешкен иш-аракет планы (JCPOA) деп аталган Иран менен түзүлгөн келишимден чыгуу чечимин жактады.
967918
АКШнын президенти Дональд Трамп, атомдук келишимден чыкканын жарыялаган Иранды бул ирет коркутту.
Трамп: «Иранга атомдук программасын кайрадан баштатпоосун катуу сунуштайт элем. Муну кыла турган болсо абдан опурталдуу жыйынтыктары болот»,-деп айтты.
Трамп, кабинет жыйналышына кирип бара жатып Кеңири биргелешкен иш-аракет планы (JCPOA) деп аталган Иран менен түзүлгөн келишимден чыгуу чечимин жактады. JCPOAнын бир жактуу болгонун жана ядролук куралданууга алып бара турганын айтып чыккан Трамп: “Же дүйнө үчүн чындап эле жакшы келишим түзөбүз, же болбосо эч кандай келишим түзбөйбүз»,-деп айткан Трамп, андан соң «Иран же сүйлөшүүгө барат же болбосо бир нерселер болот»,-деп коркутту.