Иракта ДЕАШка карата абадан операция жүргүзүлдү
Ирак армиясы тарабынан Керкүктө жүргүзүлгөн аба операциясында террордук уюм ДЕАШтын 3 террористи жок кылынды.
Керкүк полиция директорлугунун басма сөздөн жооптуусу Афрасяф Камил Керкүктүн 40 километр түштүгүндөгү маалаларда жашырынган ДЕАШ террордук уюмдун мүчөлөрүнө карата аба операциясында 3 террористтин жок кылынгандыгын айтты.
ДЕАШтын аскердик мааниде эч бир күчүнүн калбагандыгын бирок шаардын түштүгүндөгү айылдарда жашырынууну улантып жаткандыгын белгилеген Афрасяв : «Качкындар кайта элек кээ бир айылдар террордук уюмдардын калдыктары жашырынган жерлерге айланды»,- деди.
Террористтердин арасында жаралуулардын да болгондугун бирок саны тууралуу так бир маалымат ала алышпагандарын белгилеген Афрасяв абадан кол салуудан кийин аймакка көп сандаган коопсуздук күчүнүн жиберилгендигин, террорду тазалоонун улантылып жаткандыгын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 354 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.