Гавайидеги жанар тоо жанданды

Килауэа вулканынан лава бүркүп жатат.

963713
Гавайидеги жанар тоо жанданды

АКШнын Гавайи штатындагы Килауэа вулканы жанданды.

Килауэа вулканынан лава бүркүп жаткандыктан аймактан миңдеген адам эвакуацияланды.

Үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондор, коопсуз аймакта курулган эки баш калкалоочу жайга жайгаштырылууда.

Жанар тоонун жанданышында, мурдагы күндөрү Пуна аймагында болгон жана күчү 5-2 баллга жеткен көп сандаган жер титирөөнүн таасирдүү болгону айтылып жатат.

Учкучкуч аппараттар аркылуу тартылган көрүнүштөрдө, аймактагы бир жолдо пада болгон жарыктан лава бүркүгөнү жана жанындагы токой аянтындан акканы көрүнүүдө.

Жарыктардан бүркүгөн лавалардын 46 метр бийикке чейин көтөрүлгөнү белгиленди.

АКШнын геологиялык изилдөөлөр кызматы, аймактагы эскертүү деңгээлин эң жогорку баскычка чыгарды.

Туристтерден тез арада аймактан кетүүлөрү талап кылынды.



Тектеш кабарлар