Кытай кемелери Япония менен талаш - тартыштуу сууларга кирди

Кытай кемелеринен бирөөсүнө бомба жүктөлгөндүгү тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

957903
Кытай кемелери Япония менен талаш  - тартыштуу сууларга кирди

Кытай жээк коопсуздук күчтөрүнө таандык 4 кеме Чыгыш Кытай деңизинде Япония менен талаш  - тартыштуу сууга кирди.

Киодонун кабарына караганда Япониянын жээк коопсуздук күчтөрүнөн берилген маалыматта Кытай жээк коопсуздук күчтөрүнө таандык 4 кеменин кечээ эрте мененки сааттарда Чыгыш Кытай деңизиндеги талаш  - тартыштуу аралдардын тегерегинде көрүнгөндүгүн билдирди.

Кемелердин талаш  - тартыштуу сууларда 1 жарым саат болгондон кийин аймактан чыгып кеткендиги белгиленген маалыматта Кытай кемелеринен бирөөсүнө бомба жүктөлгөндүгү тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Чыгыш Кытай деңизинде Япониянын «Сенкаку», Кытайдын да «Диаою» деп аталган 5 арал менен 3 аскадан турган аралдары, эки өлкөнүн ортосунда көп убакыттан бери эгемендик талаш  - тартыштарына себеп болуп жатат.

Тайвандын да «Тиаоютаи» деп аталган жана ээ болгон аралдарында эч ким жашабайт.



Тектеш кабарлар