Канадада кол салуу

Бир унаа жөө бараткан элди сүздү.

957408
Канадада кол салуу

Канаданын Торонто шаарында бир унаанын жолдун четинде бараткандарды сүзүшүнөн 9 киши каза болду.

Шаардын борборунда жөө баскандар жыш жүргөн Йонг көчөсү менен Финч бульварынын кесилишкен жеринде болгон окуяда 16 киши да жаракат алды.

Торонтонун полиция кызматынын катчысы Миган Грей, унаанын айдоочусунун камакка алынгандагын билдирсе, окуянын террордук кол салуу болуп же болбогонун айтуу үчүн «азырынча эрте» деди.

Грей, жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.30да болгон окуя тууралуу иликтөөлөрдүн уланганын белгиледи.

Аймакта айрым жолдор транспортко жабылса, метро каттамдары да токтотулду.



Тектеш кабарлар