Орусия Трамп менен Ким Чендин сүйлөшүүсүнө кожоюндук кылбайт

Сергей Лавров маалымат берди.

955555
Орусия Трамп менен Ким Чендин сүйлөшүүсүнө кожоюндук кылбайт

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосундагы кандайдыр бир жыйынга өлкөсүнүн кожоюндук кылбай турганын билдирди.

АКШнын Мамкатчылыгына көрсөтүлгөн Майк Помпео менен тобунун, түндүк кореялык кесиптештери менен үчүнчү өлкөдө түздөн-түз байланыш кургандары билдирилип, бул учурда Трамп менен Кимдин жолугушуусунун кайда болоорун тактоого аракет кылынган.

Айтымдарга караганда, Түндүк Корея башкаруучулугу сүйлөшүүнүн өз борбор шаары Пхеньянда өтүүсү үчүн көшөрүп жатат, бирок АКШ тарап сүйлөшүүлөр үчүн Ак үйдү көрсөтүүдө.

Үчүнчү альтернатива болсо сүйлөшүүнүн башка өлкөдө болушу жөнүндө эле.

Бүткүл дүйнө кызыгуу менен күтүп жаткан саммиттин дарегинин Орусия болоору жөнүндө айтымдар да бар. Бирок Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өлкөсүнүн Трамп-Ким жолугушуусуна кожоюндук кылбай турганын билдирди.

Лавров билдирүүсүндө, Трамп менен Кимдин сүйлөшүүсүнүн аскердик чечүүчү жол табуудан бир кадам артта калаарын да айтты.



Тектеш кабарлар