Пентагондун ПКК-ПЙДга жардамы ачыкка чыкты

Анадолу агенттиги 2019-жылдын финансылык жылынын коргоо бюджетинин алкагында «согуш фонду» деп билинген Деңиздин ары жагына ыктымалдуу операциялар үчүн бөлүнгөн бюджеттин деталдарын камтыган маалыматка жетти.

953098
Пентагондун ПКК-ПЙДга жардамы ачыкка чыкты

АКШнын коргоо министрлиги Пентагондун 2019-жылдын бюджетинде Сириядагы жикчил террор уюму ПЙД/ПКК да кошулган 60-65 миң кишилик топко курал жана ок-дары талабын кылганы белгилүү болду.

Анадолу агенттиги 2019-жылдын финансылык жылынын коргоо бюджетинин алкагында «согуш фонду» деп билинген Деңиздин ары жагына ыктымалдуу операциялар үчүн бөлүнгөн бюджеттин деталдарын камтыган маалыматка жетти.

«2019-жылдын Финансысынын деңиздин ары жагына ыктымалдуу операциялар: ДЕАШка каршы машыктыр-жабды фондунун себептери» аттуу документте АКШ башкаруучулугунун Сирияда 30 миңи Орто Евфрат өрөөнүндө уланган кагылышууларда, 35 миңи да ДЕАШтан алынган аймактарда ички коопсуздукту камсыздаш үчүн жалпы 60-65 миң чакты согушкер топ үчүн курал, ок-дары жана шайман талабын кылганы белгиленди.

Документте, «2019-жылдын бюджет талабы, ДЕАШтын мурда көзөмөлүндөгү жерлерди куткаруу, коопсуздугун камсыздоо жана коргоо үчүн 35 миңи Ички коопсуздук күчү, 30 миңи согушкер болуп жергиликтүү бириккен күчтөрдүн муктаждыктарына негиздеп Сирияда машыктыр-жабды программасын толук финансылоо» сөздөрүнө орун берилди.

Аты аталган документ, 300 миллион доллардык бюджеттин 162,6 миллион долларынын курал, ок-дары, унаа жана башка материалдар үчүн бөлүнгөнү көңүл бурса, 8 миллион долларынын негизги жашоо муктаждыктарын камсыздоо материалдары, 28 миллион долларынын ташуу жана жайгашуу муктаждыктары жана 101,5 миллион долларынын да операциялык колдоо үчүн талап кылынганы көрүнүүдө.

Документте, муктаждык болгон куралдардын арасында 25 миң АК-47 (Калашников) автомат мылтыгы, 1500 автоматтуу курал, 500 оор автоматтуу курал, 400 RPG-7 гранатамед, 95 мергенчи мылтыгы, 20 даана 60 миллиметрдик миномет жана 60 даана 120 миллиметрдик миномет орун алган.

Куралдар үчүн 47 миллион доллар талап кылынса, бул куралдар үчүн 24 миллион доллардык ок-дары талап кылынганы да көңүл бурду.

Бюджеттин себеп документинде айрыкча 820 «тактикалык эмес унаа» жана «стандарттуу эмес комерциялык унаа» үчүн бардыгы 59 миллион 325 миң 600 долларга муктаждык болгону белгиленди.

Негизги жашоо муктаждыктарын камсыздоо үчүн 8 миллион доллар талап кылынган бюджетте, дүрбү, навигация, майда учкучсуз учуучу аппараттар, жардыргыч детекторлору сыяктуу материалдар үчүн болсо 31 миллион 182 миң 700 доллар талап кылынды.

Документе айрыкча стратегиялык абадан ташуу, кургактыктан жана абадан ташуу үчүн 28 миллион доллар, операциялык колдоо үчүн 71 миллион доллар жана «чөнтөк акылары» темасы үчүн 30 миллион доллар талап кылынды.

Ирак жана Сирияда чек ара коопсуздугу үчүн болсо 250 миллион доллар бөлүнгөнү көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар