Афринде миң террорист батуучу жер астындагы штаб тоннели табылды

террористтерден тазаланган Африн районунда орто эсеп менен миң террорист баш калкалай ала турган жер астындагы ири штаб табылды.

951904
Афринде миң террорист батуучу жер астындагы штаб тоннели табылды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында террористтерден тазаланган Африн районунда орто эсеп менен миң террорист баш калкалай ала турган жер астындагы ири штаб табылды.

Африндин борборунун 18-мартта көзөмөлгө алынышынан кийин райондо улантылган издөө иш-аракеттеринде Эркин Сирия армиясы (ЭСА) күчтөрү элет жерлерде жер астындагы штабды белгилешти.

Анадолу агенттиги тарткан жана курулушу бүткөнү калган жер астындагы штаб, Афринди курчаган тоолордогу токойлуу аянтта орун алган.

Жердин 10 метр тереңдигиндеги штабдын үстү карагайлуу токой менен капталган.

Жер астындагы штабы токойдун ичиндеги бактардын себебинен учкучсуз учуучу аппараттар араң белгилей турган кирип чыгуучу жерлерге ээ.

Жер бетинен негизги кире беришке кеткен 8 метр кеңдиктеги жол, жер астына киргенден кийин орто эсеп менен 10 метр узундуктагы тоннель менен уланат.

Тоннелдин акырында айлана түрүндө курулган лобби кездешет.

Лоббиден ар башка багыттарга кеткен 4 метр кеңдиктеги 5 метр бийиктиктеги 3 чоң коридорлор да бар. Ар бир коридордун узундугу 100-120 метрден турат.

Коридорлордун акырында конференция залдары, ондогон бөлмө, мончо,даараткана жана шашылыш чыгуучу жерлер сыяктуу, негизинен миң террористти бир убакта батыра турган чоңдуктагы аянт көңүлдү бурат.

Кире бериштен баштап бардык тоннелдердин  унаа өтө алгыдай кеңдикте жана бийиктикте салынганы көрүнүп турат.

Атайын иш машиналар менен казылып салынган жер астындагы штабдын көп сандаган тирөөч жана 1 метрден калың дубалдар менен күчтөндүрүлүп курулганы көзгө урунат.                                                                                                                                                             



Тектеш кабарлар