Президент Эрдоган менен Мэйдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган АКШ, Британия жана Франциянын Сириядагы Асад режимине карата аба операциясынын туура экендигин айтты.

951523
Президент Эрдоган менен Мэйдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган АКШ, Британия жана Франциянын Сириядагы Асад режимине карата аба операциясынын туура экендигин айтты.

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган партиясынын Фатих кезектеги 6 - облустук конгрессинде сөз сүйлөдү. Эрдоган Асад режимине карата операцияга байланыштуу : «Жүргүзүлгөн операция туура»,- деди.

Президент Эрдоган : «Тилекке каршы Сирияда ойнолгон оюн башка. Сирияда жасалган иш оболу режимдин зулумчулугуна үнсүз калуу, андан кийин бир террордук уюмду жең ичинен колдоп аянтка чыгышы, андан кийин да башка бир террордук уюм менен негизги проектини турмушка ашыруу. Буларды эч ким көрбөстүккө сала албайт, бирок биз булардан дайыма сөз кылдык. Биз бул оюнду эчак эле чечмеледик. Биз ДЕАШ менен ансыз деле күрөшүп жатабыз. Биз ДЕАШка каршы күрөштүк. Кайда? Евфрат калканы операциясында 3 миң ДЕАШ террористти биз жок кылдык».

Эрдоган : «Сирияда иш алып баргандардын ичинде  текшерүүсү астындагы аймактарды кайрадан жашай турган абалга алып келген бир гана күч Түркия»,- деди.

*** Бүткүл дүйнөгө чакыруу салган президент Эрдоган буларды айтты:

*** Келгиле, химиялык курал, конвенциялык курал жана массалык кыруучу куралдардын түрлөрүн жана азыркы куралдардын келечеги тууралуу сүйлөшөлү.

*** Келгиле Сирияда болгон акыркы кризисти жаңы ядролук жана конвенциялык куралдануу проектилерине чоң булактарды өткөрүүнү эмес бул мүмкүнчүлүктөрдү бардык адамзаттын пайдасына иштей турган абалга алып келели».

Президент Эрдоган Асад режимине карата операцияга байланыштуу Макрон менен сүйлөшөрүн айтты.

Президент Эрдоган эрте мененки сааттарда Британиянын премьер  - министри Тереза Мэй менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттик булактардан алынган маалыматтарга караганда сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абалдар каралды.

Британиянын премьер  - министри Мэй Сирия режимине каршы жүргүзгөн операция тууралуу маалымат бөлүшкөн сүйлөшүүдө президент Эрдоган да Түркиянын химиялык куралдарын колдонуусун  мурунтадан эле айыптагандыгына көңүлдөрдү бурду.

Президент Эрдоган Сирия режиминин керек болсо химиялык, керек болсо конвенциялык куралдар менен ишке ашырган зулумчулукту акырына чыгаруу жана Сирия калкынын туруктуу тынчтык жана бейкуттук үчүн бир гана саясий чечүүчү жол экендигин белгиледи. Сүйлөшүүдө президент Эрдогандын аймакта араздашуунун дагы көп күчөтпөө керектигинин маанисин да баса белгилегендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар