Газадагы ооруканалар медициналык жардамга муктаж

Газадагы Шифа ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн директору Еймен ел  - Сехбани ооруканаларда медициналык материалдардын жетишсиз болуп жаткандыгын айтты.

951335
Газадагы ооруканалар  медициналык жардамга муктаж

Израилдин Газа чек арасында тынчтык митингине чыккандарга ок атуусу менен жараланган палестиналыктардын дарыланышы үчүн чукул медициналык жардамга муктаждыгы бар.

Газадагы Шифа ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн директору Еймен ел  - Сехбани дайыма жаралуулар келип тургандыктан Газадагы ооруканаларда медициналык материалдардын жетишсиз болуп жаткандыгын айтты.

Сехбани тез жардамдарга, операция кылуу бөлүмдөргө жана жандандыруу бөлүмдөрүнө чукул түрдө дары  - жармек жана медициналык материал жардам берилиши керектигин белгиледи.

Палестиналыктар Топурак күнүнүн 42 -  жылдыгынын негизинде 30 -  март жума күндөн бери блокада астындагы Газа тилкесинин Израиль чек арасында тынчтыкчыл митингдерди өткөрүшүүдө.

 



Тектеш кабарлар