Орусияда Ка - 29 моделиндеги тик учар кырсыкка учурады

Тик учардагы эки учкуч каза болду.

950650
Орусияда Ка  - 29 моделиндеги тик учар кырсыкка учурады

Орусиянын Калининград шаарында Ка  - 29 моделиндеги аскердик тик учардын Балтика деңизине түшүшү менен 2 учкуч каза болду.

Орус Балтика деңиз флотунун басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Ка  - 29 моделиндеги тик учар Балтика деңизине түнкү тест учуусуна чыккан. Маалыматта тик учардын кырсыкка учуроо себеби азырынча белгисиз экендиги, эки учкучтун да каза болгондугу белгиленди. Маалыматта өзгөчө учуу учурунда аба шарттарынын ыңгайлуу экендигине көңүл бурулду.

1980 -  жылдардын башында орус Камов долборлоо бюросунда чыгарылган Ка  -29 моделиндеги тик учарлар аскердик кемелерге оңой учуп  - конуу жана бул кемелерге жүк ташуу үчүн долбоорлонгон.

 



Тектеш кабарлар