Италияда тик учар кырсыкка учурады

Кырсыкта экипаждагы бир киши каза болду.

946190
Италияда тик учар кырсыкка учурады

Италиянын деңиз флотуна таандык тик учар Жер Ортолук деңизинде  кырсыкка учурап экипаждан бир киши каза болду.

Италиянын деңиз флотунан берилген маалыматта SH 212 моделиндеги тик учардын «Борсини» кемесинин жакындарында машыгып жатып деңизге түшкөндүгү билдирилди. Маалыматта кырсыктын себебинин иликтенип жаткандыгы маалымдалды.

Италиянын АНСА агенттигинин билдириши боюнча  тик учардагы 5 экипаждан бирөөсү каза болгон. Калган 4 кишинин абалынын жакшы экендиги билдирилди.

Италиянын коргоо министри Роберта Пинотти да каза болгон Андреа Фазионун үй  - бүлөсүнө көңүл айтты.



Тектеш кабарлар