Сараеводо балдар гүлдөр менен эскерилди
1992 – 1995 – жылдары жалпы 1425 күнгө созулган Сараево курчоосунда өлтүрүлгөн 1601 баланын элесине 1601 гүл тигилди
Босния Герцеговинанын борбор шаары Сараевонун курчоого алынышы учурунда өлтүрүлгөн балдар гүлдөр менен эскерилди.
1992 – 1995 – жылдары жалпы 1425 күнгө созулган Сараево курчоосунда өлтүрүлгөн 1601 баланын элесине 1601 гүл тигилди. Сараеволук окуучулар шаардын алты башка жеринде тигилген гүлдөр менен согуштун күнөөсүз курмандыктарын эскеришти.
Согуш жылдарында балдары каза болгон үй - бүлөлөр да иш - чарага абдан чоң колдоо көрсөтүштү. Сараеволуктар кагылышуулар болгон Сирия, Палестина жана дүйнөнүн ар башка жерлеринде «Балдар өлтүрүлбөсүн» деген чакыруу менен тынчтыктын сиволу болгон ак көгүчкөндөрдү учурушту.
Тектеш кабарлар
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.