Түштүк Корея Түндүк Кореяга эмнени сунуштады?

Түндүк жана Түштүк кореялык жооптуу кызматкерлерден турган делегациялар 29-мартта чек арадагы айыл Пханмунджомдо жолуккан.

943421
Түштүк Корея  Түндүк Кореяга эмнени сунуштады?

Түштүк Корея, мамлекет башчысы Мун Чже Ин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын 27-апрелде боло турган жолугушуудан ядролук куралдардын жок кылынышы боюнча так декларациянын чыгышын талап кылды.

Йонхап маалымат агенттигинин Мамлекет башчылыктагы жооптуу кызматкерге негиздеген маалыматында Түштүк Кореянын жакындап калган саммитте Түндүк Кореядан ядроук куралсыздануу боюнча декларация күткөнү белгиленди.

27-апрелде боло турган саммиттеги үч маанилүү күн тартип беренесинен бирөөнүн Корея жарым аралында туруктуу тынчтыктын камсыздалышы жана Кореялардын ортосундагы карым-катнаштын өнүктүрүлүшү менен катар ядролук куралдардын жок кылынышы экенине көңүл бурган жооптуу кызматкер, бул темада ушундай декларация талап кылыншынын «табигый нерсе» болгонун маалымдады.

Башка бир жогорку деңгээлдеги кызматкер да медиада атомдук маселеге карай ыктымалдуу чечүүчү жолдор көп айтылганына карабастан маселенин «кеңири жана баскычтуу» түрдө чечилиши керектигинин тышында эч бир нерсеге чечим чыгарылбаганын айтты.

Жаңы чечүүчү жолдун мындан мурдагы ядролук келишимдерден башкача боло турганын белгилеген жооптуу кызматкер, мунун «төмөндөн жогоруга эмес, жогорудан төмөнгө» карай кандайдыр бир түрдө жасала турганын кошумчалады.

Жооптуу кызматкер, Түштүктүн жакындап калган Кореялардын ортосундагы саммитке кызуу даярдык көрүп жатканын айтты.

Түндүк жана Түштүк кореялык жооптуу кызматкерлерден турган делегациялар 29-мартта чек арадагы айыл Пханмунджомдо жолуккан.

Жолугушуудан кийинки жарыяда Ким жана Мундун 27-апрелде Пханмунджомдун түштүк тарабындагы «Тынчтык үйүндө» боло турган саммитке катыша турганы белгиленген.

Түндүк жана Түштүк Кореянын арасындагы акыркы эки саммит 2000 жана 2007-жылдарда Пхеньянда өткөн.



Тектеш кабарлар