Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Кытай, Азербайжан менен Орусияга барат
Пхеньяндан азырынча министрдин жолугушуулары тууралуу маалымат бериле элек.
![Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Кытай, Азербайжан менен Орусияга барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ba04/4a5d/e62f/5ac32bf2da86f.jpg?time=1718805935)
Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Йонг Хо Кытай, Азербайжан жана Орусияга сапар менен барат. Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Кытай сапарынан кийин бейшемби жана жума күнү Азербайжандын борбор шаары Бакуга барат. Министр Бакуда «Байланышсыздар кыймылынын» министрлер деңгээлиндеги жыйынына катышат. Министр Азербайжандагы жолугушууларынан кийин Орусияга барат.
Пхеньяндан азырынча министрдин жолугушуулары тууралуу маалымат бериле элек, бирок Орусиянын тышкы иштер министрлиги мындан мурда берген маалыматта Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин сапары тууралуу иштерди аткаргандыгын белгилеген болчу.
Тектеш кабарлар
![Чадда чоң жарылуу болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/adb7/88ea/456a/66727c7dbb986.jpg?time=1718805936)
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.