Кытай, АКШ менен Түндүк Корея жана Түштүк Кореяга чакырык салды

Кытайдын Мамлекеттик кеңешчиси жана тышкы иштер министри Ванг Йи, борбор калаа Пекинде өткөргөн маалымат жыйынында буларга токтолду.

943695
Кытай, АКШ менен Түндүк Корея жана Түштүк Кореяга чакырык салды

Кытай, АКШ менен Түндүк Корея жана Түштүк Кореяга «кыйын жетишилген бул мүмкүнчүлүктөн жакшы пайдалануу» чакырыгын салды.

Кытайдын Мамлекеттик кеңешчиси жана тышкы иштер министри Ванг Йи, борбор калаа Пекинде өткөргөн маалымат жыйынында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Ин менен бул айда, АКШнын президенти Дональд Трамп менен да келээрки айда боло турган жолугушууларына токтолду.

Ванг, акыркы убактарда Корея жарым аралында оң багытта өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеп, бардык тараптардын диалог жана сүйлөшүүлөрдүн кайрадан баштатылышын максаттаган жана кыйын жетишилген сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрүнөн жакшы пайадаланышын каалагандарын айтты.

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын эки тараптуу карым-катнаштарынын жакшы жүрүшүн каалагандарын айткан Ванг, эки өлкөнүн лидерлеринин бул айдын ичинде өткөрө турган саммиттин пландалганы сыяктуу кетишин жана оң жыйынтыктар алынышын ойлогондорун айтты.

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи: «АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин жолугушуусунун маселесиз өтүшүн каалайбыз»,-деп айтып тараптардын бири-бирилерин түшүнүүсүн жана эки тараптуу коопсуздукту куруусун каалагандарын баса белгиледи.

Корея жарым аралында чыңалуу азая башташы менен тынчтык жана диалогдун үмүт бергидей абалга келе турганын, мындай учурда да тышкы факторлордун келип чыгышынын тарыхый тажрыйбалар менен такталганын белгилеген Ванг, бардык тараптарга бул тышкы факторлорду бир жакка таштап, диалог жана сүйлөшүүлөрдүн туура багытта сапаттуу жүрүшү боюнча чакырык салды.

Ванг, жарым аралдын ядролук куралдардан тазалануу процесси туралуу бардык тараптардын ылайыктуу коопсуздук санааркоолорунун эсепке алынышы керектигин белгиледи.

Бир тараптан Азиянын эң чоң экономикалык форумдарынан бири болгон «Boao Asya» форумунун жылдык конференциясынын 8-11-апрель күндөрүнүн аралыгында өлкөсүнүн түштүгүндөгү Хайнан аралында өткөрүлө турганын эске салган Ванг, 4 күнгө созула турган жыйналыштарда Азиянын экономикасы, аймактык өнүгүү жана инфраструктуралык инвестициялар, адамга тиешелүү маселелер сыяктуу бир топ темалар карала турганын белгилеп кетти.

Ванг, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин жана премьер-министр Ли Кацяндын форумда кожоюн катары конок лидерлер менен жолугушууларды өткөрө турганын айтты.



Тектеш кабарлар