Синжарда өлкөнүн желегинен башка эч бир чет элдик желектин илинишине уруксат бербейбиз

Хайдар аль-Ибади, Мусулга караштуу Синжар районуна кошумча аскердик күч жөнөткөндөрүн айтты.

939621
Синжарда өлкөнүн желегинен башка эч бир чет элдик желектин илинишине уруксат бербейбиз

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади, Мусулга караштуу Синжар районуна кошумча аскердик күч жөнөткөндөрүн жана райондо өлкөнүн желегинен башка эч бир чет элдик желектин илинишине уруксат бербей тургандарын айтты.

Хайдар аль-Ибади, борбор шаар Багдадда уюштурган жумалык маалымат жыйынында жикчил террор уюму ПККнын чыкканы жарыяланган Синжарда коопсуздукту камсыздагандарын жана бул үчүн Сириянын чек арасына чейин кошумча аскердик күч жибергендерин айтты.

Ибади: «Ал жакта өлкө желегибиздин тышында эч бир чет элдик желектин илинишине жана Ирак күчтөрүнөн тышкары эч кимдин курал алып жүрүшүнө уруксат бербейбиз. Эч кимдин да жерлерибизди колдонуп коңшу өлкөлөргө кол салуусуна конституция боюнча уруксат бере албайбыз»,-деп айтты.

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым менен телефондогу сүйлөшүүсүнөн кийин Ибади: «Түркиянын өкмөт башчысы, Ирактын чек ара жана эгемендигин урматтагандарын айтты»,-деди.

Иракта чет элдик күч болушу тууралуу суроого Ибади: «Кургактыкта эч бир аскердик күч жок. Иракта орун алган чет элдик аскердик базалардын текшерүүсү да биздин коопсуздук күчтөрүбүздүн колунда турат. Күчтөрүбүздүн билим алуусу жана геологиялык колдоо алуусу үчүн чет элдик күчтөргө муктаждыгыбыз уланууда», деген серебин салды.


Этикеткалар: #Синжар

Тектеш кабарлар