Түндүк Корея чыныгы коркунуч

Азия жана Тынч Океанга сапарынын алкагында Японияга барган Обама, Токиодо уюштурулган эл аралык форумда сөз сүйлөдү.

937223
Түндүк Корея чыныгы коркунуч

АКШнын экс-президенти Барак Обама, Түндүк Корея коркунучуна каршы Япония менен АКШ шериктештигинин жана эл аралык коомчулуктун чогуу иш-аракет кылышынын маанисине токтолду.

Азия жана Тынч Океанга сапарынын алкагында Японияга барган Обама, Токиодо уюштурулган эл аралык форумда сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кореянын «чыныгы коркунуч» экенин айтты.

Обама: «Пхеньян, ядролук курал өндүрүүсүн түздөн-түз улантууда. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бир гана аймак үчүн эмес, ошол эле учурда дүйнө жүзү үчүн да маанилүү коркунуч болуп эсептелген ядролук курал өндүрүү, ядролук курал сыноо жана ракета учуруу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү ниетинен сөз кылуудан тартынбайт»,-деди.

Эң туурасы Түндүк Корея коркунучунун тынчтыкчыл жол менен чечилиши экенине көңүл бурган Обама, Япония менен АКШнын шериктештиги Пхеньянга карай кысымды улантыш үчүн Түштүк Корея жана Кытай менен иштешүүсүн улантуусунун маанисине токтолду.

Обама: «Ушул убакка дейре каалаганыбыз сыяктуу ачык илегрилөө көргөн жокпуз, бирок менин оюмча эң маанилүү жалгыз нерсе, бардыгыбыз бирге иштөөдөн дагы таасирдүү түрдө бул маселени чече албай турганын түшүнүү»,-деп айтты.

Форумдан кийин Обама, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен бирге түштөндү.



Тектеш кабарлар