Сауд Арабия: «Иран ядролук бомба чыгарса биз дагы ошондой кылабыз»

Мураскор ханзаада Салмандын CBS каналына берген маегинен айрым бөлүмдөр жарыяланды.

931106
Сауд Арабия: «Иран ядролук бомба чыгарса биз дагы ошондой кылабыз»

Сауд Арабиянын мурскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман, өлкөсүнүн ядролук бомба каалабаганын белгилеп, бирок Иран ядролук бомба чыгарган учурда өздөрү да кыска убакта муну жасай тургандарын айтты.

Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын АКШ борбордуу CBS каналына берген маегинен айрым бөлүмдөр жарыяланды.

Маектешүүсүнүн биринчи бөлүгүндө Иранды бутага алган мураскор ханзаада: «Сауд Арабия ядролук бомбага ээ болууну каалабайт бирок Иран ядролук бомба чыгарса эч шексиз биз дагы мүмкүн болушунча ылдам түрдө ошондоюн жасайбыз»,-деп айтты.

Мураскор ханзаада, толугу жекшемби күнү жарыялана турган маегинде Ирандын руханий лидери Аятуллах Хаманейди да нацист лидер Адольф Гитлерге (1889-1945) окшоштурду.



Тектеш кабарлар