Иракта АКШ аскерлерин ташыган тик учар кырсыкка учурады

АКШнын коргоо министрлигинен бир жетекчи болсо тик учарда 7 аскердин бар экендигин белгиледи.

931035
Иракта АКШ аскерлерин ташыган тик учар кырсыкка учурады

 АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалиция АКШ аскерлерин ташыган бир тик учардын Ирактын батышында кырсыкка учурагандыгын жарыялады.

Бириккен Кызмат Күчүнүн табигый чечкиндүүлүк операциясы : «АКШ аскерлерин ташыган бир АКШ тик учары Ирактын батышында кырсыкка учурады. Изилдөө – куткаруу тобу окуя болгон жерде иштеп жатат»,- деп билдирди жана дароо териштирүүнүн башталары белгиленди.

АКШнын коргоо министрлигинен бир жетекчи болсо тик учарда 7 аскердин бар экендигин белгиледи. Тик учардын кырсыкка учуроо себебинин азырынча тактала электигин билдирген жетекчи кийинки сааттарда кенен маалымат берилерин айтты.

 



Тектеш кабарлар